Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Ханияны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Катарда өттү


ХАМАСтын лидери Исмаил Ханияны акыркы сапарга узатуу. Иран, 1-август, 2024-жыл.
ХАМАСтын лидери Исмаил Ханияны акыркы сапарга узатуу. Иран, 1-август, 2024-жыл.

Reuters Тегеранда өлтүрүлгөн ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханияны жерге берүү зыйнаты жума күнү Катарда өткөнүн жазды.

Агенттиктин маалыматында, акыркы сапарга узатуу зыйнаты Катардын борбору Доханын түндүгүндөгү чоң мечитте өтүп, ага ХАМАСтын кийинки лидери боло турган Халед Мешал, ХАМАСтын башка жогорку даражалуу өкүлдөрү жана Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани катышты.

Исмаил Ханиянын сөөгү Доханын түндүгүндөгү Лусаил шаарындагы көрүстөнгө коюлат.

Мунун алдында Reuters агенттиги беш булагына таянып, Ирандын жогорку бийлик өкүлдөрү ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын Тегеранда өлтүрүлгөнүнө байланыштуу Израилге каршы болжолдуу “жооп берүү чарасын” Ирактын, Ливандын жана Йемендин куралдуу топтору менен талкуулаганын жазган.

Бейшембиде Тегеранда Измаил Ханияны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөнүн, ага он миңдеген киши катышканын Nova агенттиги кабарлады.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ханиянын өлүмүнө байланыштуу 2-августту өлкөдө улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Иран ушул жылы Сирияга урган соккусунан ирандык аскердик кеңешчилердин набыт болушуна жооп катары Израилге массалык ракеталык чабуул койгон. Дээрлик атылган бардык ракеталар жана дрондор жок кылынган, каза болгондор катталган эмес. (AiA)

XS
SM
MD
LG