Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Таласта кой кайтарган баланын видеосу териштирилет


Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт.
Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт.

Талас облустук милицясынын басма сөз кызматы социалдык тармактарга тараган видеодо кой кайтарып жүргөнү, атасынан кордук көргөнү айтылган бала тууралуу териштирүү башталганын билдирди.

Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу кой кайтарып жүргөн бала 2014-жылы туулганын, ошол райондогу Арчагул айылынын окуучусу экенин тактаган.

“Арчагул айылынан болжол менен 20-25 чакырым алыстыктагы мал сарайда кой кайтарып жүргөн бала таенеси менен чогуу жашайт. Балага карата жасалган мамиле боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Окуяга катыштыгы бар жарандар, анын ичинде видеого тарткан жаран дагы Айтматов РИИБге алынып келинди”, - деп жазылган маалыматта.

2-августта социалдык тармактарга баланын мал кайтарып жүргөн видеосу тараган. Аны тарткан жаран баланы атасы Казакстан менен чектеш аймакка алып келип таштаганын, үстүндө кийим-кечеси, тамак-ашы жетишсиз экенин айтып берген.

Видеодогу баланын жакындары азырынча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG