Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:07

Кыргызстанда автогаз тартыштыгы кайра байкалууда


Бишкектеги газ куюучу жайлардын бири.
Бишкектеги газ куюучу жайлардын бири.

Бишкек шаарында автогаз тартыштыгы дагы деле байкалууда. Бул тууралуу айдоочулар билдирип, автогаз бар май куюучу бекеттерде узун кезек пайда болуп жатканын айтышууда.

“Кыргызнефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Азаттыкка” автогаз тартыштыгы дагы деле бар экенин ырастап, муну автогазды Орусиядан ташып келүүдөгү көйгөйгө байланыштырды.

“Орусияда газ ташыган вагон цистерналар жетишсиз болуп жаткандыктан, бир гана Кыргызстанда эле эмес, Өзбекстанда, Тажикстанда да автогаз тартыштыгы байкалып жатат. Жада калса, өзү мунай өндүргөн Казакстанда да тартыштык пайда болгону боюнча маалымат чыгып жатат.

Орусияда негизи 20 завод болсо, анын 7-8и ар кандай себеп менен оңдоо иштерине жабылган. Биз ага карабастан, эптеп таап ташып келип жатабыз. Бирок кандайдыр бир үзгүлтүккө учураган учурлар болуп жатат. Ошол үчүн айрым бекеттерде газ жок болуп жатат. Биздин божомолубуз боюнча бул сентябрдын орто ченине чейин созулушу мүмкүн”, - деди Эшатов.

Бишкекте автогаз тартыштыгы июнь айынын соңунда байкала баштаган. Май бекеттердин кээлеринде көгүлтүр отун таптакыр калбай калса, калгандарында автоунаалардын кезеги узарган.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, 1-июнга карата борбордо 416 миң 837 автоунаа катталган. Мындан тышкары шаарга кирип-чыккан унаалар менен кошо Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт жүрөт.

XS
SM
MD
LG