Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел Кыргызстанга келет


Жозеп Боррел.
Жозеп Боррел.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Борбор Азияга сапарынын алкагында 3-августта Бишкекке келет. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

“Сапар катаал геосаясий жагдайда Евробиримдиктин эки өлкө жана жалпы эле Борбор Азия аймагы менен мамилени мындан ары өнүктүрүүгө ынтызарлыгын билдирүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот”, - деп жазылган билдирүүдө.

Боррел Бишкекке сапарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушат.

Мунун алдында Евробиримдиктин башкы дипломаты 1-августта Казакстанда болот. Астанада президент Касым-Жомарт Токаев жана казак тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен жолугушууларды өткөрөт.

Президент Садыр Жапаровдун Брюсселге сапары учурунда 25-июнда “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлган.

Келишим көптөгөн өз ара пайдалуу багыттар боюнча саясий диалогду бекемдөө жана кызматташтыкты тереңдетүү үчүн жаңы укуктук негизди түзөрү белгиленген.

Кыргызстандын Европа Биримдиги менен кызматташтыгы 1991-жылы, өлкө эгемендикке ээ болгондо башталган. 1995-жылы ортодо өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлуп, 1999-жылы күчүнө кирген.

XS
SM
MD
LG