Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Индиядагы жер көчкүдө набыт болгондордун саны 150дөн ашты


Индияда жер көчкүдөн аман калгандарды куткаруучулар жетелеп баратышат. 30-июль, 2024-жыл.
Индияда жер көчкүдөн аман калгандарды куткаруучулар жетелеп баратышат. 30-июль, 2024-жыл.

Индиянын түштүгүндөгү Керала штатындагы чай плантацияларына 30-июлда түшкөн жер көчкүдөн кеминде 150дөн кишинин өмүрү кыйылды.

Аман калгандарды издөө иштерине нөшөр менен катуу шамал тоскоолдук жаратууда.

Жергиликтүү полициянын өкүлү Ажит Кумар Франс-Пресс агенттигине 500дөн көп киши куткарылганын билдирди. Ал издөө иштерин улантуу зарыл экенин кошумчалады.

Бир катар үйлөр жер көчкүнүн алдында калды. Турак жайсыз калган 3 миңден ашуун киши убактылуу баш калкалоо жайларына киргизилди.

Июнь-сентябрь айларында жыл сайын тынбай жааган жамгыр жайкы аптаптан сактап, суунун корун толтуруп алууда маанилүүү роль ойнойт. Анткен менен жыл сайын бир катар табигый кырсыктарга себеп болот. Эксперттердин айтымында, климаттын өзгөрүүсү көйгөйдү тереңдетип, сел менен жер көчкүдөн өлгөндөрдүн саны жылдан-жылга өсүүдө. Андан тышкары токойлордун кыйылышы, ар кандай өнүктүрүү долбоорлору дагы буга түрткү болгону айтылып келет.

Индияда 1998-жылы болгон жер көчкүдөн 220 кишинин өмүрү кыйылып, Малп кыштагы жер менен жексен болгон.

XS
SM
MD
LG