Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Кыргызстанда вебкам-студия иштеткендер соттолот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам сойкулукту жана бузукулукту интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) атайын платформа (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу, көмөк көрсөтүү жана сойкулук менен алектенүү укукка каршы келерин жана бул үчүн жоопкерчиликти белгилейт.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексине сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары аркылуу уюштуруу, порнографиялык мүнөздөгү аракеттерге интернет аркылуу онлайн катышуу үчүн жоопкерчиликти белгилөөгө багытталган толуктоолор киргизилет.

Жогорку Кеңеш бул мыйзамды 2024-жылы 26-июнда кабыл алган.

Депутаттар тобу буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесин ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") “Атайын аянтчаны (веб-камера студиясын) пайдалануу менен интернетте онлайн сойкулукту жана бузукулукту уюштуруу жана жайылтуу” деген пункт менен толуктоону сунуштап, мыйзам долбоорун талкууга алып чыгышкан.

Демилгечилердин бири, вице-спикер Нурбек Азыгалиев май айында баяндама жасап, веб-камера аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүнү онлайн режимдеги жаңы кылмыш катары сыпаттаган.

Ал аталган мыйзам долбоору адам сатуудан жабыркагандарды жана бул кызматка мажбурлангандарды коргоо үчүн зарыл экенин белгилеген.

Мыйзам долбоорунда вебкам бизнеси менен алектенгендерди бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратуу же 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салуу каралган. Мындай жосунду адамдар тобу уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен 300 миң сомго чейин айып пул төлөтүү же беш жылга чейин камак жазасын берүү сунушталып жатат. Ал эми ушундай жорукту кылмыштуу топ уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазылган.

2021-жылы “Азаттык” радиосу “Кыргызстандагы вебкам-студиялардын караңгы дүйнөсү” деген иликтөөсүн жарыялаган.

Анда чоң каражат айланган вебкам-студияларда талкаланган тагдырлар, Телеграм топтордогу ормон опуза кылгандардын жосуну иликтенген.

Кыргызстандагы вебкам-бизнеси: шантаж, зордук, суицид
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:32 0:00

XS
SM
MD
LG