Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Париж-2024: Денис Петрашов 14-орунду ээледи


Денис Петрашов.
Денис Петрашов.

Париждеги Олимп оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов эркектер арасында 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө 14-орунду ээледи. Ал жарым финалга чыккан 16 спортчунун ичинен марага 1 мүнөт 10,29 секундада келди жана финалдык баскычка чыга албай калды. Финалга 8 спортчу чыкты. Алардын арасында 200 метр брасс стилинде Токио Олимпиадасынын рекордчусу австралиялык Зак Стабблети Кук, франциялык Леон Маршан бар.

Эркектер арасында 200 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча финалдык жарыш 1-августта, Бишкек убактысы менен 2:30да өтөт.

30-июлда Петрашов 25 спортчунун арасынан 16-орунду алып, жарым финалга чыккан эле. Бул анын Олимпиада оюндарындагы эң жогорку көрсөткүчү болуп калды.

Петрашов буга чейин Париж Олимпиадасында 100 метрге брасс стилинде жарышка чыгып, 23-орунду ээлеген.

Жайкы Олимпиада оюндарындагы эң популярдуу спорттун бул түрү боюнча Парижге 187 өлкөдөн жалпы 854 суучул барды. World Aquatics уюмунун билдиришинче, 463ү эркек, 391и аял. Жалпысынан 35 категорияда мелдештер өтүп, 35 комплект медал ойнотулат.

Петрашов Олимпиада оюндарына үчүнчү жолу катышты. Ал Токио Олимпиадасында 200 метрге жана 100 метрге брасс стилинде жарыштарга катышкан. Париж Олимпиадасына 100 метрге жана 200 метрге брасс стилинде сүзүүгө жолдомо уткан.

Токиодогу Олимп оюндарында Петрашов 100 метрге брасс стилинде сүзүүдө 27-орунду, 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө 18-орунду ээлеген.

Дагы бир кыргызстандык суучул Елизавета Печерских 3-августта аялдар арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө мелдешке катышат.

Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медал ойнотулат. Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада өтүп жатат. Бул шаарда Олимп оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон.

Кыргызстандан ага спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышууда. Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" " Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан кенен маалымат ала аласыз.(GT)

XS
SM
MD
LG