Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:10

Орус жана беларус эмгек мигранттарынын Венгрияга кирүүсү жеңилдетилди


Виктор Орбан.
Виктор Орбан.

Венгрия өкмөтү Орусиянын жана Беларустун жарандарынын бул өлкөгө кирүү шарттарын жеңилдеткенин Deutsche Welle (DW) басылмасы жазды. Аталган эки өлкөнүн жарандары чет элдик жумушчулар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн иштелип чыккан “Улуттук карта” программасына киргизилгени маалым болду.

Бул программа чет элдиктерге Венгрияда жумушка орношууга, ал жакка үй-бүлөсүн көчүрүп барууга, үч жылдан кийин туруктуу жашоого уруксат алууга мүмкүнчүлүк берет.

DW басылмасы Венгрия мындай чечимин премьер-министр Виктор Орбан июль айынын башында Москвага барып кеткенден кийин кабыл алганына көңүл бурууда.

Буга чейин жеңилдик карталары Украинанын жана Сербиянын жарандарына берилчү, эми 9-июлдан тартып Орусия, Беларус, Босния жана Герцеговина, Молдова, Түндүк Македония жана Черногория да кошулганын "Медуза" кабарлады.

Германиянын RND маалымат агенттиги буга чейин жазгандай, Венгрияга 65 миң эмгек мигранты жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү кириши мүмкүн деп болжолдонууда. (RK)

XS
SM
MD
LG