Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Бишкек мэри автоунааларды көчөгө кезектешип чыгаруу сунушуна түшүндүрмө берди


Архив сүрөт.
Архив сүрөт.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы жол тыгынын азайтуу үчүн мамлекеттик номуруна карап, унааларга чектөө киргизүү тууралуу демилгеге түшүндүрмө берди. Ал “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганын, жарандардан түшкөн сунуш-пикирлер эске алына турганын айтты.

“Азыр коомчулукта “жубайым төрөп калса эмне кылам” деген пикирлер да айтылууда. Албетте, биз адамдын ден соолугун биринчи орунга коёбуз – кандайдыр бир шашылыш учурларда уруксат берилет. Ошондуктан айтып жатабыз, ой-пикирлер кабыл алынып, долбоор дагы толукталат. Биз азыр жолдорду кеңейтип, ремонттоп, жаңыларын салып жатабыз. Бирок баары бир унаалар көбөйүп, тыгындар пайда болууда. Ошол эле маалда мынчалык унаалардын көптүгү айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип, аба булганып жатат. Жаңы чаралар сезилерлик жыйынтык берет деп ойлойм”, - деген Жунушалиев.

Мэр жол тыгынын азайтуу максатында берилген дагы бир сунуш – аймактан келген унаалардан төлөм алуу тууралуу да маалымат берген. Мындай чара жарандардын коомдук транспортко түшүүсүн шарттай турганын айткан. Бул демилге колдоо тапса, Бишкектеги автобекеттер шаар сыртына көчүрүлүп, анын жанына унаа токтотуучу жайлар ачылат. Аймактан келген жарандар унааларын ошол жайларга токтотуп, шаар ичине коомдук транспорт менен каттай турган болот.

Бишкек мэриясы 23-июлда шаарда автоунааларды номуруна карап кезектештирип чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Анын максаты ири шаарларда жол тыгындарын азайтуу, жөө жүргөндөргө ыңгайлуу шарт түзүү, экологиялык абалды жакшыртуу экени айтылат.

Ага ылайык, дүйшөмбүдө 1-2, шейшембиде 3-4, шаршембиде 5-6, бейшембиде 7-8, жума күнү 0-9 сандары менен аяктаган номурлуу автоунааларга саат таңкы 7ден кечки 9га чейин шаардын жолуна чыгууга тыюу салынат. Мыйзамды сактабагандарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул каралган.

Мэриянын бул сунушу социалдык тармактарда кызуу талкууланып, сын айткандар да чыкты.

XS
SM
MD
LG