Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:02

ТИМ Орусиядагы мигранттардын көп текшерилишине тынчсыздануу билдирди


Тышкы иштер министрлиги тараткан сүрөт.
Тышкы иштер министрлиги тараткан сүрөт.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуп, кыргыз мигранттарына карата текшерүүлөрдүн күчөшүнө тынчсыздануу билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 29-июлда билдирди.

Имангазиев кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына кирүүсүндө көйгөй жаралып, эл аралык аэропорттордо текшерүү узакка созулуп жатышына бушаймандыгын билдирген.

Ошондой эле орус тараптын өлкөдөгү коопсуздук жаатындагы чараларын түшүнүү менен кабыл ала турганын айткан.

ТИМ билдиргендей, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Вакунов эки тараптуу мамиленин күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча иштешүүгө даяр экенин белгилеген.

“Жолугушуунун жыйынтыгында миграция маселелери боюнча, анын ичинен эки өлкөнүн компетенттүү укук коргоо органдарынын мамлекеттер аралык, ведомстволор аралык кызматташуусунун алкагында мындан аркы иштерди жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишилди”, - деп жазылган ТИМдин маалыматында.

Орусиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси, 62 жаштагы Сергей Вакунов июль айында кызматка киришкен. Орусиянын мурдагы элчиси Николай Удовиченконун дипломаттык миссиясы июнь айынын ортосунда аяктаган.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар орус бийлиги миграциялык талаптарды күчөтүп, текшерүүлөр көбөйгөнүн айтып даттанып келет.

Быйыл алты айда Орусияда иштеген 4700дөй кыргызстандык жаран Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жардам сурап кайрылган. Аталган мекеме жарыялаган маалыматка ылайык, мигранттар өз укуктарын коргоо үчүн көмөк сурашкан. Алардын арыздары министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүндө каттоого алынган.

Расмий маалымакта ылайык, чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Алардын 400 миңден көбү Орусияда.

XS
SM
MD
LG