Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Казакстанда прокуратура журналист Мухаммедкаримге жети жыл сурады


Казакстандык журналист жана активист Думан Мухаммедкарим
Казакстандык журналист жана активист Думан Мухаммедкарим

Казакстандын Конаев шаардык сотунда 29-июлда журналист жана активист Думан Мухаммедкаримдин иши уланды.

Прокурор журналистти жети жылга эркинен ажыратып, үч жылга коомдук-саясий иш менен алектенүүгө тыюу салууну судьядан өтүндү. Бул тууралуу адвокат Мурат Жолшиев билдирди.

Мухаммедкарим былтыр июндан бери камакта. Ал "экстремизмди каржылоого" жана "тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга" айыпталып жатат. Буга анын бозгундагы мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдон алган маеги түрткү болгон. Аблязов негиздеген "Казакстандын Демократиялык тандоосу" кыймылы өлкөдө "экстремисттик" деп табылып, тыюу салынган уюмдардын катарына киргизилген.

Активист өзү ага тагылган дооматтардын баарын четке кагып, аталган кыймылдын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экенин билдирип келет.

Мухаммедкарим күнөөлүү деп табылса, тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

12-февралда башталган сот жабык өтүп жатат. Казакстандык укук коргоочулар Мухаммедкаримди "саясий туткундардын" тизмесине киргизген.

Расмий Астана Казакстанда саясий туткундар жок экенин, саясий мүдөөдөн улам эч ким куугунтукталбаганын билдирип келет.

Мухаммедкарим 2023-жылы парламент депутаттыгына талапкерлигин коюуга аракет кылган.

XS
SM
MD
LG