Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

Кемпир-Абад иши боюнча отурум 6-августка белгиленди


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар жана алардын адвокаттары, жакындары. 14-июнь, 2024-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар жана алардын адвокаттары, жакындары. 14-июнь, 2024-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаардык сотундагы отурум 6-августка белгиленди. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири, саясатчы Азимбек Бекназаровдун адвокаты Эркин Булекбаев 26-июлда “Азаттыкка” билдирди.

12-июлда прокуратура ушул иш боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна берген апелляциялык сунушуна өзгөртүүлөрдү киргизип, кайра жаңы сунуш берген.

Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышева айыпталуучуларга карата райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аларды күнөөлүү деп таап, жаза берүү сунушун киргизген. Буга чейинки апелляциялык арызда алар Бишкек шаардык сотунан ишти башка курамда Биринчи май райондук сотуна кайра жаңы кароого жиберүүнү өтүнүшкөн.

14-июнда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган.

Акталган саясатчылар соттун актоо өкүмү алар үчүн күтүүсүз болгонун билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров 15-июнда Кемпир-Абад иши боюнча соттун чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты. Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши өзүнчө бөлүнгөн.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өттү.

XS
SM
MD
LG