Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:17

Астанада стендап куудулу сахнада сөгүнгөнү үчүн 10 суткага камалды


Казакстандык стендап куудул Александр Меркул.
Казакстандык стендап куудул Александр Меркул.

Казакстандын баш калаасы Астанада сот стендап куудулу Александр Меркулду сахнада сөгүнгөнү үчүн 10 суткага камоо чечимин 25-июлда чыгарды.

Маалыматка караганда, окуя "Реберная" ресторанында болгон.

Ал сахнада тамаша айтып жатып, сөгүнгөн видеонун үзүндүсү Инстаграмга 7-июнда жарыяланган. Сот чечимине ылайык, Меркул "муну менен айлана-чөйрөдөгүлөрдү сыйлабастыгын көрсөтүп, коомду тартипти бузган".

Куудулдун адвокаты соттон Меркулду айып пул менен бошотууну өтүндү.

31 жаштагы Меркул көп тамашаларына орусиялыктарды, Орусиянын президенти Владимир Путинди да кошуп жүрөт.

Май айында Алматыда сот дагы бир стендап куудулу Нурасхан Баскожаевди ушундай эле сахнада сөгүнгөнү үчүн 15 суткага камоо чечимин чыгарган. Буга чейин Казакстанда соттор социалдык тармактардын колдонуучуларын "коомдук жайда сөгүнгөн сөздөрдү колдонгону үчүн" камаган учурлар болгон. Алардын эсебинде социалдык түйүндөр да "коомдук жай" катары саналат.

XS
SM
MD
LG