Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:28

Кытайда шамалдан улам 150 миңдей киши эвакуацияланды


"Кэми" тайфуну Кытайдын жээгине жетти. 25-июль, 2024-жыл.
"Кэми" тайфуну Кытайдын жээгине жетти. 25-июль, 2024-жыл.

"Кэми" деп аталган тайфун Кытайдын түштүк-чыгышындагы Фуцзянь провинциясына жеткени кабарланды. Ага чейин Тайванда ушул эле тайфундан улам үч кишинин өмүрү кыйылып, жүздөн ашуун адам ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алган. Көчөлөрдү суу каптап, электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Гаосюн шаарында айрым райондорду каптаган суунун бийиктиги бир метрден ашты.

Тайфундан улам арал жээгинде бир кеме чөгүп кетти. Кеп Танзаниянын желеги менен бараткан кеме тууралуу болуп жатканын Океан маселелери боюнча кеңеш билдирди. Борттогу Мьянманын тогуз жаранын издөө иштери жүрүп жатат.

Филиппинде ушул эле тайфундун убагында катуу жааган жаандан улам жер көчкү жүрүп, 22 кишинин өмүрүн алды.

Кытайдын "Синьхуа" мамлекеттик агенттиги тайфун жакындаганына байланыштуу 150 миңдей киши коопсуз жактарга көчүрүлгөнүн кабарлады.

15-июлда Кытайдын түштүк-батышындагы Чунцин аймагында катуу жаандан кийин кыян жүрүп, беш кишинин өмүрү кыйылган. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, 300дөй үй суу алдында калды, 500дөй киши коопсуз жактарга көчүрүлдү.

XS
SM
MD
LG