Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:24

Беларуста саясий туткундар арасынан беш аял бошотулду


Дарья Лосик.
Дарья Лосик.

Беларус бийлиги камакта жаткан саясий туткундар арасынан беш аялды бошотту. Гомел шаарындагы №4 аялдар колониясынан чыгарылган аялдардын бири экстремизм тууралуу айып менен эки жылга соттолгон Дарья Лосик экенин 24-июлда "Гомельская Весна" укук коргоо долбоору жазды.

Лосик менен кошо абактан Светлана Лупач, Полина Половинко, Тамара Острейко жана Екатерина Маденкова бошотулду.

Дарья Лосик беларус блогери, 2021-жылы декабрда 15 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга отургузулган Игорь Лосиктин жубайы.

Күйөөсү камакка алынганда Дарья Лосик өлкөнүн авторитардык башчысы Александр Лукашенкого кайрылып, аны коркоктукка айыптаган. 2023-жылы январь айында өзүн эки жылга эркинен ажыратышкан. Буга анын "экстремисттик" деп таанылган «Белсат» телеканалына интервью бергени негиз болгон, ага «экстремисттик ишмердүүлүктү жайылткан» деген айып тагылган.

Полина Половинко — Казакстандын «Хабар 24» телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы, журналист, саясий туткун Дмитрий Лукшанын аялы. Жубайлар 2022-жылдын июнь айында кармалган. Күйөөсүн «Беларусту каралоо» деген айып менен төрт жылга кесишкен, жубайын ага шериктеш болгон деп айыпташкан.

Светлана Лупач журналист Дмитрий Лупачтын кызы. Өткөн жылы ал "коомдук тартипти одоно бузган аракеттерди уюштурган" деген айып менен 1,6 жылга эркинен ажыратылган.

Тамара Острейко 2023-жылы ноябрда митингге катышкан деген айып менен кармалган. Февраль айында ал 2,5 жылга жалпы режимдеги колонияга кесилген.

Екатерина Маденкованы былтыр октябрда кармап кетишкен. Ал да митинг уюштурууга айыпталган.

Лукашенко мунапыс тууралуу мыйзамга ушул айдын башында кол койгон жана камактагы саясий туткундар арасынан катуу ооругандары бошотуларын билдирген. Бүгүнкү күнгө карата 18 саясий туткун коё берилди. "Весна" укук коргоо борборунун маалыматына караганда, Буларуста бийликти ачык сындаганы, пикирин эркин билдиргени үчүн камалып отургандар 1415 киши. (RK)

XS
SM
MD
LG