Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:16

Аляска жанында Орусиянын жана Кытайдын аскердик учактары кармалды


Орусиянын TU-95 учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын TU-95 учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ менен Канада Аляска аймагына жакын жердеги эл аралык аба мейкиндигинде эки орусиялык жана эки кытайлык аскердик учак аныкталганына байланыштуу өзүнүн истребителдерин учурганын Түндүкамерикалык аба-космостук коргонуу командачылыгы (NORAD) билдирди.

"24-июлда Алясканын абадан коргонуусундагы “идентификациялык зонада” орусиялык эки ТУ-95 жана кытайлык эки Н-6 аскердик учагы аныкталып, кармалды. Кармоону Кошмо Штаттардан жана Канададан учурулган NORAD истребителдери жүргүзүштү», - деп айтылды маалыматта.

«Идентификациялык зона» — бул эл аралык аба мейкиндигинин АКШ менен Канаданын аба мейкиндиги чектешкен жердеги буфердик зона сымал бир бөлүгү. Ал жерге кирген бардык учактар улуттук коопсуздук үчүн идентификацияны талап кылат.

NORAD белгилегендей, орусиялык жана кытайлык учактардын аныкталышы коркунуч деп бааланбайт, анткени алар эл аралык деп эсептелген аба мейкиндигинде болушту, бирок мониторинг жүргүзүү улантылат.

Орусиянын Коргоо министрлиги аталган согуштук учактар Чукотка жана Беринг деңиздеринде, Тынч океандын түндүк бөлүгүндө биргелешкен күзөт жүргүзүшкөнүн, эл аралык укук нормаларын бузбаганын жана «аба күзөтүнүн бардык этаптарында өз ара аракеттенүү маселелерин иштеп чыгышканын" маалымдады. (RK)

XS
SM
MD
LG