Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:43

Серб республикасынын шайлоо мыйзамы убактылуу токтотулду


Босния жана Герцеговинанын шайлоо мыйзамын өзгөртүүгө каршы акция. Сараево. Архивдик сүрөт.
Босния жана Герцеговинанын шайлоо мыйзамын өзгөртүүгө каршы акция. Сараево. Архивдик сүрөт.

Босния жана Герцеговинанын Коституциялык соту өлкө курамындагы Серб республикасынын (Republika Srpska) Улуттук жыйыны быйыл апрелде кабыл алган шайлоо жөнүндөгү мыйзамын убактылуу токтотту. Соттун 24-июлдагы чечиминде акыркы корутунду кабыл алынганга чейин аталган мыйзам “убактылуу жараксыз” деп эсептелинери, бул “өтө олуттуу жана татаал” маселе экени белгиленди.

Шайлоо жараяндарын жөнгө салуучу мыйзамдар Босния жана Герцеговинада ансыз деле бар экени, андыктан төмөнкү деңгээлде өзүнчө мыйзам кабыл алуу зарылчылыгы жоктугу буга чейин да айтылып келген.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) мамлекеттин жалпы коопсуздугуна жана туруктуулугуна залака тийгизүүчү параллелдүү структура түзүү Босния жана Герцеговинанын конституциялык түзүлүшүнө каршы келерин белгилеген.

Босния жана Герцеговина – Европадагы эң кедей өлкөлөрдүн бири, калкынын жарымын босниялык мусулмандар, үчтөн бирин сербдер, 15% хорваттар түзөт. Өлкө 1992-жылы мурдагы Югославиядан бөлүнүп, өз алдынча эгемендик алган. Андан кийин аймакта тутанган согуштун жүрүшүндө мамлекеттин ичинде Серб Республикасы түзүлгөн. Мындан сырткары өлкөнүн Брчко деген округу эл аралык башкарууда турат.

1992-1995-жылдары мурдагы Югославиянын курамына кирген өлкөлөрдөгү улут аралык куралдуу жаңжал 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган, миллиондогон адам үй-жайсыз калган.

Согуш 1995-жылдын 21-ноябрында АКШнын Огайо штатындагы Дейтон шаарында Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен Сербия, Босния жана Герцеговина, Хорватия кол койгон келишимден кийин басылган.

Бул келишимдин аткарылышын көзөмөлдөп туруу үчүн Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) Босния жана Герцеговина боюнча жогорку өкүлү (чабарманы) деген кызмат түзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG