Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:29

Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрда өтөт


Архив сүрөт.
Архив сүрөт.

Президент Садыр Жапаров бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоону 22-сентябрда өткөрүүнү дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын жарлыгы 25-июлда расмий сайтына жарыяланды.

Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшырган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан.

Икрамов депутаттыктан кетүү өз чечими болгонун Фейсбукка жазган. Бирок айрым депутаттар ал УКМКга суракка барып, маанайы жок жүргөнүн айтышкан.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаты мандатын тапшырган. Алсак, 25-апрелде Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланып келген депутат Максатбек Сарбагышев мандатын тапшырган.

Анын алдында “Ишеним” фракциясынын депутаты Эмилбек Жусупов, Ноокат округунан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу, Свердлов округунан келген Шайлообек Атазов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов, Баткен округунан Нурлан Ражабалиев, Ош округунан шайланган Айбек Осмонов жана “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын катарында шайланган Абдывахаб Боронбаев арызынын негизинде мандатынан ажыратылган.

Жогорудагы бир мандаттуу округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өтүп, жаңы депутаттар шайланды, партиялык тизме менен парламентке келген депутаттардын ордуна кезектеги талапкерлер мандат алышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелде Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматында иштегендерге жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында сүйлөп жатып, Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG