Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Өзбекстанда каракалпак активистинин апелляциялык арызы четке кагылды


Даулетмурат Тажимуратов.
Даулетмурат Тажимуратов.

Өзбекстанда Каракалпакстан окуяларына байланыштуу кармалган активисттин апелляциялык арызы четке кагылды. Каракалпак активисти Даулетмурат Тажимуратовдун адвокаты Сергей Майоров билдиргендей, Жогорку сотко экинчи жолу апелляциялык арыз берилген, бирок аны да сот канааттандыруудан баш тартты.

Активист өкмөткө каршы башаламандык окуясы үчүн айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган.

Майоровдун айтымында, 23-июлдагы сот отурумуна Тажимуратов өзү катыштырылган жок. Анын видео байланыш аркылуу катышуусуна да уруксат берилбей койду. Активист азыркы тапта кайсы абакта кармалып турганы тууралуу да маалымат жок.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG