Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Казак президенти Токаев Карим Масимовго ырайым берүүдөн баш тартты


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимовго ырайым берүүдөн баш тартуу тууралуу тиешелүү комиссиянын чечимин бекитти. Бул тууралуу Informburo президенттин администрациясына таянып билдирди.

Мамлекеттик чыккынчылыкка жана Январь окуялары маалында бийликти басып алууга айыпталып 18 жылга кесилген Карим Масимов ырайым берүү өтүнүчү менен президентке кайрылганы 10-июнда белгилүү болгон.

Анда Улуттук коопсуздук комитети Масимовго карата "Ири көлөмдөгү пара алуу" беренеси менен сотко чейинки териштирүү уланып жатканын билдирген.

Июнь айынын соңунда Казакстандын президентинин алдындагы ырайым берүү маселелерин караган комиссия Масимовдун өтүнүчүн аткаруудан баш тарткан.

Комиссия башчысы, депутат Марат Башимов чечим эми президентке жөнөтүлөрүн билдирген.

Мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин узак жылдардан берки санаалашы, 59 жаштагы Масимов 2022-жылы 6-январда, өлкөдө нааразылык акциялары болгондо кармалган. Ал мурда премьер-министр да болгон.

Казакстанда эки жыл мурун январда газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланып, тоз-тополоң менен коштолгон.

Расмий эсепте Январь окуяларында 238 киши набыт болгон. Алардын алтоо кармалгандан кийинки кыйноолордон көз жумган. Бир нече миң киши кармалып, жүздөгөнү ыдык көргөнүнө арызданган. Бирок мындай фактыларга байланыштуу козголгон кылмыш иштердин көбү токтотулган.

XS
SM
MD
LG