Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Казакстанда абактагы кыйноо боюнча соттук териштирүү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда абактагы кыйноо окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү башталганын бүгүн 22-июлда “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Атбасар шаарындагы колониядагы видеосу былтыр сентябрда Интернетке жарыяланган окуя боюнча сот Кокшетау шаарында өтүүдө.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, жабыркаган тарапта 41 киши, ал эми айыпталып жаткан тарапта 12 киши бар. Териштирүү ачык өтүүдө.

Жабыркагандардын бири катары сотко Астана шаарынан активист, азыркы тапта камакта отурган 39 жаштагы Тимур Данебаев катышып жатканын Qaharman укук коргоо демилгеси билдирди.

Атбасардагы абактагы кыйноо деген видеолор Интернетке былтыр күзүндө жарыяланган. Андан колониянын кызматкери Данебаевди сабап жатканын көрүүгө болот.

Тимур Данебаев 2022-жылдагы Январь окуясы учурунда президент Касым-Жомарт Токаев Алматыга «20 миң террорист» кол салган деп айтканы үчүн аны жоопко тартыш керек деп айткан активист катары таанылган.

Европарламент Борбор Азия боюнча резолюциясында Данебаевди бошотууга чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG