Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Ошто чогулган соодагерлердин айрымдарын милиция кармап кетти


Видеодон алынган сүрөт.
Видеодон алынган сүрөт.

Ошто базардын көчүрүлүшүнө нааразы болуп мэриянын имаратынын жанына топтолгон соодагерлердин айрымдарын милиция кармап кеткени кабарланды. Күбөлөр жөнөткөн видеодо милиция кызматкерлери чогулуп тургандардын бирин атайын автоунаага күчтөп салып жатканын көрүүгө болот. Милиция төрт адам кармалганын ырастады. Алардын кармалышынын себеби жөнүндө кийин маалымат берилерин билдирди.

Бүгүн, 22-июлда Ош мэри Бакыт Жетигенов баштаган жетекчилер базардын көчүрүлүшүнө нааразы болгон соодагерлер менен жолуккан. Анда соодагерлер убактылуу иштеп жаткан көпүрөлөрдү калтырып туруу жана базарды көчүрүү убактысын узартуу талабын айтышкан.

Соодагерлер жаңы базар салынуучу жер ыңгайсыз экенин айтып, каршы болушууда. Мэрия имаратынын сыртында дагы жүздөгөн соодагерлер чогулуп турат. Ош шаарында сел каптаган борбордук базарды башка жакка көчүрүүнүн мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранып соодагерлер үч күндөн бери чогулуп жатышат.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган. Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Ош шаарында жаңы салынуучу муниципалдык базар Осмонов көчөсүндөгү “Мегаполис” соода борборунун маңдайындагы жерге курулат. Мэриянын кабарлашынча, базар эки ай аралыгында бүтөт. Ага чейин азыркы базар иштеп турат.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында селден жабыркагандарга жолугуп, борбордук базар башка жерге көчүрүлө турганын билдирген. (TSh/ DSh)

XS
SM
MD
LG