Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Суусамырдагы алтыгана бадалы кайра иштетилет


Суусамыр өрөөнү.
Суусамыр өрөөнү.

Суусамыр өрөөнүндө тикенектүү алтыгана бадалын жок кылууга байланыштуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги баштаган тийиштүү органдар көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Фейсбуктагы баракчасында жазды.

20-июлда өткөн жыйында алтыгана бадалын кайра иштетип, жер семирткич жана тоют чыгаруу боюнча тапшырма берилди. Учурда алтыгана бадалын биологиялык жана механикалык ыкмалар колдонулуп жок кылынып жатат. Көчмө жыйында тикенектүү бадал жайыттарды каптап, адырлардан өтүп, айылга жеткен учурдар бар экени айтылды.

Суусамыр өрөөнүндөгү жалпы 472 миң гектар жайыт аянтынын 800 гектарын тикенектүү алтыгана бадалы өсүп, ээлеп алган. Алтыгана өскөн жерде тоют чөптөрү өспөй жоголууда.

Буга чейин окумуштуулар алтыгана жер кыртышын кармап турган бадал болгондуктан, аны жок кылуудан экология зыян тартарын эскертишти. Улуттук илимдер академиясы бадалдын көчөттөрүн уулуу калдыктар сакталуучу жайларга көчүрүп отургузуу менен экологияга пайда алып келүүгө болорун айтышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG