Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:13

Камчыбек Ташиев экс-спикердин кыздарынын кармалышы тууралуу пикирин билдирди


Айдай Турсунбекова атасы менен түшкөн сүрөт. Сүрөт анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Айдай Турсунбекова атасы менен түшкөн сүрөт. Сүрөт анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналга берген интервьюсунда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы тууралуу пикирин билдирди.

"Биздин тушубузда эч кандай жеке менчикке кол салуу деген болбойт. Анын баары мурунку замандарда калган, азыр андайга жол берилбейт. Булар 2010-жылы Максим Бакиевке тиешелүү "Акылинвестбанкты" рейдерлик жол менен тартып алышкан. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, атын "Капитал банк" деп өзгөртүшкөн. Ошондон бери "Капитал банк" болуп иштеп келе жатат", - деди Ташиев 22-июлда жарыяланган интервьюда.

Мындан тышкары, Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирип алышканын, Ысык-Көлдө 18 гектар жерди да мыйзамсыз алып, пансионат салып алышканын белгиледи. УКМКнын төрагасы ал жерлер мамлекетке кайтарылып жатканын кошумчалап, Бишкектеги заводдун жерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй салынарып, банкты сатып, акчасы ошол курулушка жумшаларын билдирди.

Чыныбай Турсунбековдун камакка алынган кыздарынын адвокаты же туугандары азырынча буга комментарий бере элек.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча иш козголгон. Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатын иштеткен Айдай Турсунбекова кармалып, 24-августка чейин камакка алынганы 19-июлда белгилүү болду.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, анын бөгөт чарасы 26-июнда каралган. Ушул күнү райондук сот Турсунбековдун кармалган дагы бир кызынын бөгөт чарасын карап, ал 26-августка чейин үй камагына алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG