Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Барселона туристтерден алынган салыкты көбөйткөнү жатат


Барселонадагы туристтер
Барселонадагы туристтер

Барселонанын бийлиги шаарга кыска мөөнөтко келген коноктордон алынган салыкты көбөйткөнү жатат. Бул тууралуу калаа мэри Жауме Колльбони билдирди. Анын айтымында, 1-октябрдан тарта 12 сааттан аз убакытка келген туристтер 4 евродон төлөйт. Биринчи кезекте бул эреже круиз кемелеринин жүргүнчүлөрүнө тиешелүү.

Мындай чара аркылуу Барселона туристтердин агымы менен күрөшүүнү көздөйт. Шаар бийлиги 2012-жылы туристтерден салык алууну киргизип, ошондон бери маал-маалы менен өлчөмүн жогорулатып келатат.

Айрым учурларда конокторго калаанын жана Каталониянын казынасына салык төлөөгө туура келет.

Деңиз боюндагы Барселона Испаниядагы, жалпы Европадагы маанилүү туристтик багыттардын бири. Акыркы кездерде жергиликтүү тургундар коноктордун көптүгүнө даттанып келишет. Бийлик агымды азайтууну, шаарда бир нече күн өткөргөн, кымбат кызматтардан пайдаланган жашы өйдөлөгөн бай туристтердин санын көбөйтүүнү көздөп жатат.

Туристтердин ашыкча агымынан европалык башка шаарлар да жапа чегүүдө. Быйыл апрелде Венеция кыска мөөнөткө келген эс алуучулардан шаардын борборуна баруу үчүн акча ала баштады.

XS
SM
MD
LG