Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Париж Орусия, Беларустун айрым журналисттерине Олимпиаданы чагылдырууга уруксат бербейт


Париж
Париж

Париж тыңчылык коркунучунан улам Олимпиадага 100 чакты журналистти, физиотерапевт менен техникалык кызматкерлерди кое бербейт. Бул тууралуу француз ички иштер министри Жералд Дарманен Le Journal du Dimanche гезитине берген интервьюда билдирди. Анын айтымында, “кара тизмеге” орус жана беларус жарандары, башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү кирген. Бирок дагы кайсы мамлекеттер экенин министр тактаган жок.

“Тыңчылык жана салттуу тыңчылыктан тышкары кибер чабуул коркунучу бар”, - деп айтты Париждин расмий өкүлү.

Ички иштер министри француз бийлиги оюндарга катышууну пландаган бир миллиондой кишини текшергенин кошумчалады. Олимпиадага радикал уюмдар менен байланышы бар, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн деген, ашынган өнчул же ашынган солчул топторго тиешеси бир деп шектелген 4 миңден ашуун киши кое берилген жок.

Париждеги Олимпиада 26-июлда башталганы турат. Ага бейтарап статуста орусиялык 15, беларустук 16 атлет катышмакчы.

Эл аралык Олимпиада комитети жарышка кеп болгон эки өлкөнүн Орусиянын Украинага кол салуусун активдүү колдогон, армияда же күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн спортчулар менен башка кызматкерлер катыштырылбайт деп чечкен.

Өткөн аптада Орусиянын федералдык телеканалдары оюндарды "азыркы жагдайдагы саясий негиздерден улам" көрсөтүүдөн баш тарткан.

Соңку ирет бул эл аралык мелдеш 1984-жылы СССР Лос Анжелес Олимпиадасына бойкот жарыялаганынан улам көрсөтүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG