Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:48

Алиев Франциянын аймактарына көз карандысыздык алууга жардам берерин билдирди


Илхам Алиев
Илхам Алиев

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Франциянын океандын ары жагындагы аймактарына көз карандысыздыкка жетүүсүнө жардам берерин билдирди.

Алиев Париж Тоолуу Карабак жаңжалында Арменияны колдоп, Бакунун ички иштерине кийлигишип келатат деген доомат артууда.

Акыркы айларда Азербайжан жетекчилиги Франциянын Тынч океандагы Жаңы Каледония аймагына көп көңүл бурууда. Аралда түпкүлүктүү канак активисттеринин шайлоо реформаларына байланышкан нааразылыгынан улам зомбулук тутанган.

Алиев жогорудагы билдирүүсүн Бакуда Жаңы Каледониянын жана башка француз аймактарындагы эгемендикти жактаган топтордун башын бириктирген форумдан кийин жасады.

“Биз силер эркин болмоюнча колдообузду уланта беребиз”, - деп айткан президент ал жерлер дагы деле оторчулуктан арыла электигин белгиледи.

Бакудагы жыйынга Корсиканын, Кариб деңизиндеги жана Тынч океандагы аралдардын өкүлдөрү катышты.

Майда расмий Париж Азербайжанды ички иштерине кийлишип жатканы, жалган маалымат таратуу менен Жаңы Каледониядагы тополоңго тукурганы үчүн айыптаган. Баку дооматтарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG