Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Бангладеште кандуу акцияларга алып келген эмгек квоталары жоюлду   


Студенттердин нааразылык акциясы зомбулук менен коштолгон. Дакка. 19-июль, 2024-жыл
Студенттердин нааразылык акциясы зомбулук менен коштолгон. Дакка. 19-июль, 2024-жыл

Бангладештин Жогорку соту студенттердин бери дегенде 114 кишинин өмүрүн алган нааразылык акцияларынан кийин мамлекттик кызматтарга киргизилген квоталардын көбүн жокко чыгарды.

Башкы прокурор Аммин Уддин Рейтер агенттигине билдиргендей, сот мамлекеттик жумуш орундарынын 93%и квоталарга ылайык эмес эмгекке жараша бөлүштүрүлөрүн чечти.

Июнда төмөнкү инстанциядагы сот мамлекеттик кызматтардын 56% негизинен эгемендик үчүн согушка катышкан ардагерлердин туугандарына берилет деген токтом чыгарган.

Буга чейинки квоталар андан тышкары аялдарга, азчылыктарга жана майыптыгы бар адамдарга каралчу.

2018-жылы өкмөт квоталар системасын жойгону менен өткөн айда сот аны калыбына келтирүүнү, негизинен ардагерлердин урпактарына артыкчылык берилерин чечкен. Студенттер нааразылыгын билдирип чыкканда полиция менен кагылыштар тутанган, 170 миллион калктуу өлкөдө интернет, байланыш иштебей калган. Бийлик комменданттык саат киргизген жана коомдук жайларда чогулууга тыюу салган. Башкалаа Дакканын көчөлөрүн аскерлер кайтара баштаган.

Уддиндин айтымында, студенттер зомбулукка жана өрт коюуларга тиешеси жоктугун билдиришти. Прокурор башаламандыктар үчүн күнөөлүү адамдар табылып, жоопко тартыларына сөз берди.

Рейтер жазганына караганда, нааразылыкка жаштар арасындагы жумушсуздук да түрткү болду.

Премьер-министр Шейх Хасина төртүнчү мөөнөткө шайлангандан берки ири демонстрациялардан кийин оппозициянын лидерлери, активисттер менен студенттер кармалды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти өз жарандарын ал мамлекетке барбай турууну эскертти.

XS
SM
MD
LG