Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Ошто соодагерлер базарды көчүрүү мөөнөтүн узартууну талап кылууда


Ошто соодагерлер нааразылыкка чыкты. 21-июль, 2024-жыл
Ошто соодагерлер нааразылыкка чыкты. 21-июль, 2024-жыл

Ош шаарында 50дөй ишкер нааразылык акциясына чыгып, сел каптаган борбордук базарды башка жакка көчүрүүнүн мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранып жатышат. Алар базарды жылдырууга каршы эмес экенин айтышып, сезон учурунда бир-эки ай ошол жерде иштеп турууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүштү.

Акцияга чыккандар “Элдин үнүн уккула!”, “Президент Жапаров, элдин үнүн угуңуз!” деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Соодагерлер борбордук базардан Ош мэриясынын имаратына жөнөп кетишти. Алар 20-июлда дагы көчөгө чыгышкан.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Ушундан кийин Ош мэриясы борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлө турганын билдирген. 19-июнда шаар башчысы Бакытбек Жетигенов базар көчүрүлө турган жер тилкесин көрүп чыккан. Маалыматта айтылгандай, базар Ош автоунаа базарынын жанындагы 16,7 гектар жер тилкесине жайгашат. Тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилген.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында селден жабыркагандарга жолугуп, борбордук базар башка жерге көчүрүлө турганын билдирген.

Ал Ак-Буура суусунун боюна салынган мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар тазалана турганын айткан. (DSh/КЕ)

XS
SM
MD
LG