Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:36

Израил Йемендеги хуситтер көзөмөлдөп турган Ходейда портуна сокку урду


Ходейда портундагы өрт.
Ходейда портундагы өрт.

Ишембиде Йемендин түштүк-батышындагы Иран колдогон хуситтердин “Ансар Алла” тобу көзөмөлдөгөн Ходейда портуна сокку урулду. Күйүүчү май куюлган резервуар жана порттун инфратүзүмү күйгөн.

Израилдин армиясы алардын Аскер аба күчтөрү акыркы айларда хуситтердин Израилдин аймактарына кол салуу аракетине жооп катары Ходейдага сокку урганын ырастаган.

Жума күнгө караган түнү хиситтердин учкучсуз учагынан Израилдин Тель-Авив шаарында бир киши каза болуп, бир нечеси жараат калган. Араб жана израил басылмалары Аскер аба күчтөрүнүн Йеменге жасаган соккусу ушуга жооп болгонун жазышкан. Израилдин Коргоо министри Йоав Галлант хуситтердин адам өмүрүн алган аракетине жооп кайтарууну чечкенин билдирген.

Саудиялык булактар чабуулга АКШ жана Британиянын учактары колдонулушу мүмкүн экенин боолголошкон. Израил операцияга өздөрүнүн гана Абадан коргонуу күчтөрү катышканын билдирүүдө.

Хуситтердин өкүлдөрү бомбалоого Израилди күнөөлөдү. Алар Ходейдада өлгөндөр жана жараат алгандар бар экенин белгилеп, бул үчүн өч ала турганын айтышкан.

Йемендин баш калаа Сананы кошкондо көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөп турган хуситтер ХАМАС тобуна (АКШ жана Европада тыюу салынган) каршы кампаниясына жооп катары Израилге сокку ура турганын өткөн жылдын күзүндө билдирип чыккан.

Ушундан кийин Йеменден Израил тарапка бир нече жолу учкучсуз учактар, дрондор учурулган. Алардын көбү атып түшүрүлгөн.

Мындан сырткары хуситтер Израил жана АКШ, алардын өнөктөштөрүнө байланышкан Кызыл деңиз менен Аден булуңундагы кемелерине чабуул койгон.

Өз кезегинде АКШ дагы Йеменге бир нече сокку урган.

XS
SM
MD
LG