Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:31

Бишкекте сел коркунучу бар аймактар текшерилүүдө


Бишкек мэриясы тараткан сүрөт. 2024-жыл.
Бишкек мэриясы тараткан сүрөт. 2024-жыл.

Бүгүн, 20-июлда Бишкек шаарындагы сел коркунучу бар аймактарды аныктоо, алдын алуу максатында тийиштүү кызматтардын катышуусунда көчмө жыйын өттү.

Анда Аламүдүн, Ала-Арча дарыяларынын жана Чоң Чүй каналынын айрым участоктору текшерилди. Бул жерлердеги көпүрөлөрдүн өткөрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экени жана жантайма жээктердин айынан суунун көлөмү көбөйсө, жакын аймактардын суу астында калуу коркунучу бар экени белгиленген.

Калаа мэри Айбек Жунушалиев каналдарда топтолгон таштандыларды тазалоо жана жээктерди бекемдөө боюнча чара көрүүнү тапшырды. Түштөн кийин Ала-Арча дарыясындагы авариялык абалда турган көпүрө демонтаждалды.

Орто-Алыш суу алгычынын абалы менен таанышкан мэр коркунучтуу аймактарды көзөмөлдөөгө жана жогорку даярдыктагы режимди сактоого тапшырма берди. Дарыя боюнда жайгашкан объектилердин мыйзамдуулугун текшерүү, Ленин районунун администрациясына Ала-Арча дарыясынын боюндагы жер тилкелеринин инвентаризациясын жүргүзүү тапшырылды.


Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Кыргызгидромет кызматы 18-22-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөргө байланыштуу чукул билдирүү таратып, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, автоунаа жолдорунда таш кулашы мүмкүн экенин эскерткен.

Ушул күндөрү Кыргызстандын бир топ айылдарында сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптады.

Буга чейин Бишкектеги Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун Кооптуу экзогендик гидрогеологиялык процесстер лабораториясынын башчысы Сергей Ерохин “Азаттыктагы” маегинде Ала-Арча капчыгайындагы коркунучтар жөнүндө эскерткен.

Ушундан кийин Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Догдурбек Чонтоев Ала-Арчадагы Адыгене көлү коопсуз экенин, бирок тобокелдик жараткан тайыз көлдөр бар экенин билдирген.(КЕ)

XS
SM
MD
LG