Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Аба ырайы: өткүн өтүп, дарыяларда суу кирет


Кыргыз гидрометеорология билдиргендей, 20-22-июлунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөргө байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

21-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36,

Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34,

Баткен облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 31...36,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28,

Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15°.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35°.

XS
SM
MD
LG