Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:28

Ташиев президенттин жана өзүнүн тууганы тууралуу айтты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев. 19-июль, 2024-жыл. Ош шаары.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев. 19-июль, 2024-жыл. Ош шаары.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин жана өзүнүн туугандарынын кармалышы боюнча айтып, “коррупцияга каршы күрөштө эч кимге аёо болбой турганын” кайталады. Бул тууралуу ал 19-июлда Ош шаарынын мэриясындагы жыйында айтты.

“Презденттин эки тууганы азыр камакта отурат, мыйзамды бузуп бирөөнү алдаганы үчүн. Анын фамилиясы дагы Жапаров Улан деген. "Мыйзам буздубу, жоопко тартылсын" деди. Бир жума болуп калды менин бир тууган бажам отурат. Бир тууган кайнежемдин күйөөсү, ал дагы мыйзам бузган. Мыйзам алдында жооп берет... Мен аким, губернатор, мэр же министрмин, мага тийбейт деген болбойт”, - деди Ташиев.

Ал тийиштүү мекемелерди коррупция менен катуу күрөшүүгө чакырып, акча чогултуу мектептерден башталып жатканын, бирок бир дагы мектеп директору кармалбаганын сынга алды.

Президент Садыр Жапаровдун аталаш тууганынын баласы жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы камалганы 17-июлда белгилүү болгон.

Садыр Жапаровдун тууганы камалганын Бишкектеги Биринчи май райондук соту бышыктаган. Ага ылайык, Ж.У.Р аттуу шектүүгө "алдамчылык" беренеси менен айып коюлган жана УКМКнын өтүнүчү менен 19-августка чейин камакка алынган.

УКМК кийин Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шек саналып кармалганын ырастаган. Маалыматка караганда, ал түрк жараны менен сүйлөшүп, жергиликтүү ишкерлерден ири суммадагы акча алган.

Жапаровдун аталаш иниси былтыр октябрда үй камагына чыккан. Ал бажыдагы коррупцияга байланыштуу 2023-жылы июль айында камалган.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевдин жакындарынын кармалганы боюнча кабарларга комментарий берген. Ал өлкө жетекчилигинин мыйзам бузса, кимди болбосун жоопкерчиликке тартуу жөнүндө позициясы бар экенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG