Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Беларуста немис жараны өлүм жазасына тартылды


Германиянын жараны Рико Кригер Беларуста өлүм жазасына кесилди. 2024-жыл.
Германиянын жараны Рико Кригер Беларуста өлүм жазасына кесилди. 2024-жыл.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги Беларуста немис жараны өлүм жазасына кесилгенин жума күнү кабарлады.

Reuters агенттиги кабарлагандай, Германиянын бийлиги Минск менен байланышып жатат.

ТИМ өз жаранынын аты-жөнүн атаган жок. Мунун алдында “Вясна” укук коргоо борбору атын атабаган булактарына таянып Рико Кригер аттуу жаран өлүм жазасына тартылганын жазган. Анын “терроризмге жана жалданмачылыкка” айыпталып жатканы кабарланган.

Аталган борбордун маалыматында, Кригер 2023-жылдын ноябрь айында кармалып, быйыл 24-июнда соттун өкүмү чыккан.

"Вясна" кабарлагандай, Кригер 30 жашта. Берлинде төрөлгөн Кригер Кызыл чырым уюмунда фельдшер болуп иштеген. Анын Германияда жашы жете элек уулу бар.

Анын соту 6-июнда башталган. "Жалданмачылык" деген иш Беларуста алгачкы жолу каралды. Беларус Европада өлүм жазасы жоюлбаган жалгыз өлкө.

XS
SM
MD
LG