Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Оштогу борбордук базар Жапалакка көчүрүлөт


Ош шаарындагы борбордук базар селден кийин.
Ош шаарындагы борбордук базар селден кийин.

Ош шаарындагы сел каптаган борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөт.

Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. 19-июнда шаар башчысы Бакытбек Жетигенов базар көчүрүлө турган жер тилкесин көрүп чыккан.

Маалыматта айтылгандай, курула турган базар Ош автоунаа базарынын жанындагы 16,7 гектар жер тилкесине жайгашат. Тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилди.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында селден жабыркагандарга жолугуп, борбордук базар башка жерге көчүрүлө турганын билдирген.

Ал Ак-Буура суусунун боюна салынган мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар тазалана турганын айткан.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Ош шаарынын мэриясы борбордук базардын чыгымы эсептелип жатканын, бул боюнча түзүлгөн комиссия ишин жыйынтыктагандан кийин соода жайы ачыла турганын 17-июлда маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG