Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:08

Сот Чыныбай Турсунбековдун бир кызы камалганын, экинчиси үй камагына чыкканын ырастады


Айдай Турсунбекова. Сүрөт анын Фейсбук баракчасынан алынды.
Айдай Турсунбекова. Сүрөт анын Фейсбук баракчасынан алынды.

“Акун” пансионатынын ээси, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова кармалып, 24-августка чейин камакка алынган.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, анын бөгөт чарасы 26-июнда каралган.

Ушул эле күнү райондук сотто Турсунбековдун кармалган дагы бир кызынын бөгөт чарасы каралып, 26-августка чейин үй камагына чыгарылган.

Райондук соттун маалыматында, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) менен кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу УКМК жана кармалгандардын жакындары маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2022-жылы 24-декабрда “Акун” пансионатына Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы 17,65 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин, 371 миллион сомго бааланган участок мамлекеттке кайтарылганын билдирген.

Атайын кызмат ошол кезде “Ысык-Көл райондук соту 2008-жылы "Акун" пансионатына Кара-Ой айылындагы жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарганын, анын натыйжасында Мамлекеттик каттоо органы жеке менчик укугуна мамлекеттик акты мыйзамсыз бергенин” маалымдаган.

Мындан кийин Айдай Турсунбекова Фейсбук баракчасына билдирүү жасап, “Акун” пансионаты турган жер мыйзамдуу түрдө аукцион аркылуу сатып алынганын жазган.

"Акун" пансионаты Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Турсунбеков 2020-жылдын июль айында 60 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG