Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:52

Трамп президенттикке талапкер болууга макулдугун жарыялады


Дональд Трамп жана жубайы Мелания Трамп. 2024-жылдын 18-июлу.
Дональд Трамп жана жубайы Мелания Трамп. 2024-жылдын 18-июлу.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Республикачылардын Милуокиде 18-июлда өткөн улуттук курултайында сөз сүйлөп, республикачылардын атынан президенттикке талапкер болууга макулдугун расмий түрдө билдирди. Бул анын Пенсильваниядагы кол салуудан кийин эл алдына алгачкы жолу чыкканы болду.

Трамптын сөзүндөгү негизги темалар арасында өлкөнүн биримдиги болду. Ал “Мен Американын жарымынын эмес, бүткүл Американын президенти болом” деп, эгер шайланып калса америкалыктарга инфляцияны жеңүүгө, бензиндин арзандашына, салыктардын төмөндөшүнө, мунай өндүрүшүн кескин көбөйтүүгө, өлкөнүн түштүк чек арасындагы дубалдын курулушун аягына чыгарууга убада берди. Ал азыркы президент Жо Байдендин “жашыл экономика” саясатын сындап, анын америкалык автомобиль өндүрүшүн бара-бара электромобилге өткөрүү тууралуу жарлыгын жокко чыгарарын айтты жана америкалыктарга кандай машина айдагысы келсе, өз эркине коюу туура болорун белгиледи.

Орусиянын Грузиянын аймагына кирүүсү, Крымдын аннексияланышы, Орусиянын Украинага кол салуусу ага чейинки жана андан кийинки президенттердин тушунда болуп жатканын белгилеген Трамп " Эгер мен бийликте болгонумда Орусия менен Украинанын ортосунда азыркыдай коркунучтуу согуш болмок эмес ", - деди.

Кезектеги президенттик шайлоо АКШда быйыл 5-ноябрда өткөнү жатат.

13-июлда Батлер шаарында шайлоочулары менен жолугушууда трибунада сүйлөп жаткан учурда атылган ок Трамптын оң кулагын чийип кетип, жараат алган. Абалы жакшы, өмүрүнө коркунуч жок экени маалымдалган. Полиция бул окуяны кол салуу аракети деп иликтеп жатканын билдирген. Ок чыгарган киши 20 жаштагы жергиликтүү тургун Томас Мэтью Крукс экенин, ал иш-чара өтүп жаткан жерден анча алыс эмес жайгашкан имараттардын биринин чатырынан атканын, өзү ошол жерден жок кылынганын ФБР кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG