Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Казакстандык оппозиционер активист жана журналист ооруканага түштү


Думан Мухаммедкарим.
Думан Мухаммедкарим.

Казакстанда "экстремисттик топту каржылаган жана тыюу салынган топтун ишмердигине катышкан" деген айып менен соттолуп жаткан эркин журналист жана активист Думан Мухаммедкарим Конаев шаарындагы ооруканага жаткырылганын 18-июлда "Азаттыктын" казак кызматы билдирди.

ND Youtube каналынын автору Мухаммедкарим күч органдарынын ага коюлган айыптарын саясий куугунтук деп атап келет. Адвокаты Галым Нурпеисов журналист ачкачылык кармап келаткандыктан ден соолугу начарлап кеткенин, доктурлар дарылоо он күндөй созуларын айтышканын кабарлады. Жактоочунун айтымында, абакта отургандан бери активисттин салмагы 95 килограммдан 35ке түштү.

Соттук териштирүүдө тыныгуу жарыяланабы же жокпу, дүйшөмбү күнү белгилүү болот.

Мухаммедкарим укугу тебеленип жатканын айтып, нааразылыгын билдирип, бир нече жолу ачкачылык жарыялган.

46 жаштагы журналист камакка былтыр алынган, ага кылмыш иши козголушуна мурдагы банкир, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязов менен маеги негиз болгон. Аблязов негиздеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы Казакстанда “экстремисттик” деп жарыяланган. Европа парламенти аны “тынч оппозиция” деп атаган.

Соттук териштирүү быйыл 12-февралда башталган. Журналист тергөө абагында ырайымсыз мамилеге кабылганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG