Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

"Терроризмди колдогон" деп айыпталган орусиялык студент тогуз жылга соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Сибирдеги Алтай крайынын соту жергиликтүү университеттин 20 жаштагы студентин 9 жылга эркинен ажыратканын 18-июлда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ага Сирияга өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган экстремисттик топко дары-дармек жөнөткөн деген айып тагылган. Аты-жөнү жана башка маалымат ачык жарыяланган жок.

ФСБ аталган жаран экстремисттик топ менен байланыш түзүп алып, Сирияга Түркия аркылуу уктатуучу, ооруну басуучу жана канды токтотуучу каражаттарды жөнөтүп жатканы аныкталганын маалымдады.

Дары-дармек салынган баштык атайын кызматтын колуна тийген. Аны сот «террордук уюмга колдоо көрсөтүүгө айыптуу» деп тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG