Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Орусия журналист Светлана Прокопьевага издөө жарыялады


Светлана Прокопьева.
Светлана Прокопьева.

Орусиялык журналист, былтыр Латвияга чыгып кеткен Светлана Прокопьева мекенинде ага карата кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын «орус армиясын жаманатты кылуу» деген айып тагылганы менен байланыштырууда. Бул тууралуу 18-июлда «Север.Реалии» жазды. Ички иштер министрлиги псковдук журналистти издөөдө жүргөндөр тизмесине кошконун "Медиазона" аныктап чыккан.

2023-жылдын сентябрында Прокопьеванын тарыхчы Василий Жарков менен интервьюсу чыккандан кийин ага армияны дискредитациялоо боюнча административдик протоколго ылайык 35 миң рубль айыппул салынган. Бийлик бул интервью аркылуу Прокопьева «окурмандарга психологиялык таасир эткен» деп эсептей турганы белгилүү болгон.

Андан эки ай мурда Орусиянын Юстиция министрлиги журналистти чет элдик агенттер деп аталгандардын реестрине кошкон.

2019-жылы Прокопьевага Архангельсктеги ФСБ имаратында болгон теракт тууралуу “Эхо Москвы” телеканалына комментарий бергенден кийин терроризмди актаган деген негизде кылмыш иши козголгон. Айыптоочу тарап аны 6 жылга эркинен ажыратууну жана 4 жылга журналисттик ишмердүүлүккө тыюу салууну суранган. Сот Прокопьеваны 500 миң рубль айыпка жыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG