Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

20-июлда айрым аймактарда өткүн өтөт


Кыргызгидрометеорологиялык кызмат билдиргендей, 20-июлга караган түнү Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында жамгыр жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда өткүн өтөт. Батыштан жел согуп, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34,

Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 30...35,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүндө 10...15, күндүз 22...27,

Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14°.

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34°.

XS
SM
MD
LG