Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Молдовалык журналист президенттик шайлоого катышарын жарыялады


Наталья Морарь/
Наталья Морарь/

Молдовада быйыл күзүндө өтө турган президенттик шайлоого катышарын белгилүү жергиликтүү журналисттердин бири Наталья Морарь да жарыялады. 18-июлдагы билдирүүсүндө ал шайлоого өз алдынча көз каранды эмес талапкер катары катышарын айтты.

"Азыркы талапкерлер эч кандай өзгөрүү алып келе албасын түшүнгөндүктөн аракет кылууну чечтим", – деди ал.

Наталья Морарь Москвада окуган, журналисттик ишмердүүлүгүн орусиялык The New Times басылмасында коррупция боюнча макалалары менен баштаган. 2007-жылы Кремль саясий партияларды «сатып алуу» үчүн көмүскө фонддорду колдонуп жүргөнү тууралуу макаласынан кийин ага бул өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган.

Молдовага кайтып баргандан кийин Морарь журналисттик ишмердүүлүгүн улантууга аракет кылган, бирок бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташтыгы ишке ашпай, ал социалдык түйүндөргө өткөн.

Быйыл 20-октябрда Молдовада президенттик шайлоо менен катар 27 өлкөдөн турган Европа Биримдигине кошулуу маселеси боюнча референдум да өткөнү жатат. Молдова Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын 2022-жылы алган. Кишинев менен биримдиктин бул боюнча сүйлөшүүлөрү 2023-жылы 14-декабрда башталган.

Шайлоого катышарын азыркы президент Майя Санду жана андан тышкары дагы жети киши жарыялашты.

2020-жылы Москванын саясатын колдогон президент Игорь Додонду утуп чыккан Майя Санду Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири Молдованы Батышка, Европага ыктаган саясат жолу менен алып барууда. (RK)

XS
SM
MD
LG