Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Казак активисти бозгундагы оппозиционер менен сүйлөшкөнү үчүн соттолууда


Нурлыбай Татаев.
Нурлыбай Татаев.

Казакстанда жарандык активист Нурлыбай Татаевге тагылган айып боюнча соттук териштирүү башталды. Ишти Түркистан облусунун Төлеби райондук соту кароодо. 17-июлда өткөн алгачкы соттук отурумда ага «тыюу салынган уюмга катышкан» деген айып тагылганы, буга үч жыл мурдагы онлайн сүйлөшүүсү негиз болгону айтылды.

2021-жылы, айыптоочу тарап билдиргендей, Татаев Zoom аркылуу мурдагы банкир, бозгундагы оппозиционер саясатчы Мухтар Аблязов менен сүйлөшкөн.

Аблязов негиздеген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы бул өлкөдө 2018-жылы соттун чечими менен «экстремисттик уюм» деп жарыяланып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынганы, кийин бул кыймыл «Көше партиясы» болуп өзгөртүлгөнү маалымдалып келет. Бир нече коомдук уюм бийликтин мындай чечимин айыптап, «Көше партиясы» көз каранды эмес саясий кыймыл экенин белгилешкен.

Татаевдин адвокаты окуя үч жыл мурда болгонун, андыктан мөөнөтү өтүп кеткендиктен айыптоо негизсиз экенин айтууда. Өзү сыртка чыкпоо тууралуу тилкат менен жүрөт.

Казак бийлигинин иши боюнча сын көз карашын ачык айтып, түрдүү нааразылык акцияларына катышып келаткан активистке буга чейин «мыйзамсыз маңзат сактаган» деген да айып тагылган, кийин бул иш жабылган.

2022-жылдын башында Нурлыбай Татаев Казакстандын бир нече шаарында өткөн, дээрлик 200дөй кишинин өмүрү кыйылган нааразылык акциялары учурунда кармалгандардын бири болгон. Ал Шымкент шаарында кармалып, тергөө абагынан эки айдан кийин бошотулган. (RK)

XS
SM
MD
LG