Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:33

Президент Жапаровдун Ташкенттеги сапарында ондон ашык документке кол коюлду


Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 18-июль, 2024.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 18-июль, 2024.

Бүгүн, 18-июлда президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Анда эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосунда жашыруун маалыматтарды алмашуу, курулуш, мамлекеттик кызмат, маданият, азык-түлүк жана айыл чарба чөйрөсүндө кызматташуу камтылган.

Кол коюлган документтердин толук тизмеси төмөнкүдөй:

1. Эки өлкө президенттеринин биргелешкен билдирүүсү;

2. Жашыруун маалыматтарды алмашуу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;

3. 2006-жылдын 3-октябрындагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;

4. Кыргызстандын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Өзбекстанстандын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ортосундагы курулуш иштери жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;

5. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө протокол;

6. Маданият жана искусство жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;

7. 2024-2026-жылдарга айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча “Жол картасы”;

8. Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция жаатындагы ниеттер жөнүндө протокол;

9. Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча практикалык иш-чаралардын планы («Жол картасы»);

10. Бишкек жана Ташкент мэрияларынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы;

11. Стратегия багытында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

12. Өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү боюнча иш-чаралардын планы.

Президент Садыр Жапаров 18-июлда мамлекеттик сапары менен Ташкентке барды. Сапардын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Мындан тышкары эки өлкөнүн биргелешкен долбоору - автоунаа кураштыруу заводунун жана текстилдик долбоордун ачылышына катышты.

Бул сапардын алкагында Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрү, бизнес-форум, жогорку окуу жайлардын ректорлорунун жыйындары белгиленген.

XS
SM
MD
LG