Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Жогорку Сот Райымбек Матраимовдун үй камагына чыкканын төгүндөдү


Райымбек Матраимовду Бишкекке алып келген учур. Март, 2024-жыл. УКМК тараткан сүрөт
Райымбек Матраимовду Бишкекке алып келген учур. Март, 2024-жыл. УКМК тараткан сүрөт

Жогорку Соттун басма сөз кызматы Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, абактагы Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасынын өзгөргөнү боюнча маалымат чындыкка дал келбей турганын “Азаттыкка” билдирди. Мунун алдында иликтөөчү журналист Болот Темиров жеке булагынан алган маалыматка таянып, “Матраимов үй камагына чыкканын, ал буга чейин эки апта “Бикард” клиникасында болгонун” Фейсбукка жазган.

"Азаттыктын" Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги булагы билдиргендей, Матраимовдун клиникада дарыланганы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт жана ал учурда атайын кызматтын тергөө абагында кармалууда.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. 24-июнда сот анын абактагы мөөнөтүн 27-августка чейин узарткан.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG