Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Өрнөктөгү жол кырсыгында жараат алган эки бала кайтыш болуп калды, биринин абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы жол кырсыгына кабылган дагы эки бала каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Жибек Жайлымышова билдирди.

"Түндө 9 жаштагы эгиздин түгөйү каза болгон, эртең менен 14 жаштагы өспүрүм кайтыш болду. Буга чейин эгиздердин бири кырсык болгон жерде мүрт кеткен", - деди Жайлымышова.

Анын айтымында, Ысык-Көл райондук ооруканасында жаткан 12 жаштагы баланын абалы оор.

Бул жол кырсыгында Кыргызстандан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси (68 жашта) жана анын тогуз жаштагы небереси (эгиздин түгөйү) каза тапкан. Милициянын маалыматына караганда, алар түшкөн "Тойота-Авенсис" машинесинде жубайлар жана алардын төрт небереси болгон.

Милиция кырсык "Тойота" автоунаасы кайрылып жатканда "Мерседес-Бенц-210" машинеси сүзүп кеткенин, аны 20 жаштагы айдоочу башкарып баратканын билдирген.

"Мерседестеги" эки киши жараат алып, Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылган.

"Азаттык" радиосунун жамааты Аида Касымалиева жана анын жакындарына бул оор жоготуу үчүн көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөт.

Ички иштер министрлиги быйыл төрт айда Кыргызстанда жол кырсыктары 4% көбөйгөнүн билдирген. Расмий маалыматка ылайык, бул аралыкта 1200гө жакын жол кырсыгы 80ден ашуун адамдын өмүрүн кыйды. Былтыр 7 миңге чукул жол кырсыгында 783 адам каза болгон. (AsK)

XS
SM
MD
LG