Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Вэнс вице-президенттикке талапкер катары алгачкы сөзүндө Украина маселесине кайрылган жок


Жей Ди Вэнс.
Жей Ди Вэнс.

АКШда Республикачылар партиясынан вице-президенттикке талапкер катары бекитилген Жей Ди Вэнс 18-июлда Милоуки шаарында өткөн партиялык улуттук курултайда сөз сүйлөдү. Огайо штатынан сенатор, 39 жаштагы Вэнс өз сөзүндө республикачылардан мамлекет башчылыкка талапкер, мурдагы президент Дональд Трамп өзүнүн шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө көтөрүп келаткан бир нече маселеге токтолду.

Турак жайдын кымбаттыгынын себептери боюнча маселеге токтолуп ал мыйзамсыз мигранттарга жол ачкан деп демократтарды сындады, республикачылар иммиграцияга каршы эместигин белгилеп, болгону, мигранттар АКШга «биз аныктаган шарттарга ылайык киргидей кылышыбыз керек» деп айтты.

Тышкы саясат тууралуу сүйлөп жатып ал АКШнын союздаштары өз коопсуздугун камсыздоого көбүрөөк каражат бөлүүгө тийиш болорун, Трамптын администрациясы АКШнын согуштарга катышуусуна каршы экенин, бирок, эгер ошондой зарылчылык жаралса чечкиндүү жооп берилерин билдирди.

Украина тууралуу Вэнс эч нерсе айткан жок.

Вэнстин сөзүнөн кийин азыркы президент, мамлекет башчылыкка Демократтар партиясынан талапкер Жо Байдендин шайлоо штабы анын талапкерлигин «Кремний өрөөнү жана миллиардерлер сатып алып койгон» деп билдирүү таратты жана аны «экстремизмди, өтө байлардын кызыкчылыгын биздин демократиядан жогору койгон программа» деп атады.

2016-жылдагы президенттик шайлоо маалында ал Трампты катуу сындаган, аны "айыпташ керек" деп айткан. Бирок кийин ишенимдүү тарапкерине айланып, Reuters агенттиги белгилегендей, жогорку кызматтагы республикачылар колдобой койгон учурда да Трампка колдоосун билдирип келген. Вэнс Украинага жардам берүүнү айыптаган америкалык саясатчылардын бири экени да белгилүү. (RK)

XS
SM
MD
LG