Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:35

Депутаттыкка мурдагы талапкер соцтармактагы пикири үчүн кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын шаарынын тургуну "бийликти басып алууга чакырык жасаган" деген шек менен кармалды. Ал буга чейин Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо партиялардын биринен талапкер болгон, бирок жетиштүү добуш алган эмес. Расмий кабарда шектүү кайсы партиянын мүчөсү экени тууралуу маалымат жок.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 18-июлда билдиргендей, ал "узак убакыт бою социалдык тармактарда чагымчыл мүнөздө пост, комментарий жазып, шилтемелерди бөлүшкөнү үчүн" кармалды. Шектүүгө каршы Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (Бийликти басып алууга чакырык жасоо) иш козголду.

Лингвистикалык жана саясий экспертизалардын жыйынтыгында анын интернетке жарыялаган постторунда жапырт башаламандыкка жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктын белгилери бар деп табылган. Тыянакты Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы чыгарган.

"Азаттык" радиосу былтыр декабрда 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG