Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:45

Арстан Алайдын өлүмүнө айыпталган абак кызматкери каза болду


Арстан Алай. УКМК тараткан сүрөт.
Арстан Алай. УКМК тараткан сүрөт.

Арстан Алай деген ат менен белгилүү коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча айыпталып жаткан №31 тергөө абагынын кызматкери тергөө учурунда каза болду.

Бул тууралуу 18-июлда “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, шектүү үй камагында болгон. Ал качан каза болгону, өлүмүнүн чоо-жайы тууралуу толук маалымат берилген жок. Башкы прокуратура жогоркудай билдирүүлөр менен чектелди жана "Азаттыкка" маалыматты тактап берерин билдирди.

Ага карата кылмыш иши токтотулганын кабарланды.

Арстан Алайдын өлүмү боюнча аталган колониянын беш кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси боюнча айып коюлган. Иш Аламүдүн райондук сотунда каралууда.

Арстан Алай 5-январда каза болгон. Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, ал психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 мекемеге этап менен которулган. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арстан Алай “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган.

Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылышкан.

Алгач ишкерлик менен алектенип, саясатка кийин аралашкан Арстанбек Абдылдаев коомчулукта Арстан Алай деген ат менен таанымал. Кезинде "Кыш болбойт", "Путин биоробот" деген сыяктуу ылакапка айланган сөздөрдү айтып, өзүн "Жаңы кудай" деп атаган коомдук ишмер 2011, 2017 жана 2021-жылдары президенттик шайлоого катышкан.

XS
SM
MD
LG