Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:36

Гагаузиянын экс-лидери Ирина Влах Молдова президенттигине ат салышуу ниетин жарыялады


Ирина Влах.
Ирина Влах.

Молдовага караштуу Гагаузия автономиясынын мурдагы лидери, "Молдова" платформасынын азыркы төрайымы, орусиячыл Ирина Влах Молдова президенттигине ат салышуу ниетин жарыялады.

50 жаштагы Влах Кишиневдо жасаган билдирүүсүндө Молдова менен НАТОнун ортосундагы тыгыз байланыштарды, коргонууга кеткен каражаттын көптүгүн сынга алып, ошол эле маалда өлкөнүн нейтралдуу макамын коргоп калууга чакырды.

Ал тарапташтарын Молдованын Европага интеграциялашуусу боюнча референдумда "жок" деп добуш берүүгө үндөдү. Референдум президенттик шайлоо менен бирге 20-октябрга белгиленген.

Азыркы президент Майя Санду дагы экинчи мөөнөткө ат салышууну көздөп жатат. Батышчыл саясатчы Санду 2020-жылдан бери өлкөнү жетектеп келет. Ал Орусиядан алыстоо аракетин жана Европа Биримдигине интеграциялашуу саясатын жүргүзүп келе жатат.

Ал 21-июнда өлкөнүн Евробиримдикке кошулуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштоо буйругуна кол койду.

Влах Гагаузия автономиясын 2015-2023-жылдары жетектеп турган.

Гагаузия - негизинен түрк тилдүү православ христиандары байырлаган автономдуу район. Аймакта 140 миңдей киши отурукташкан.

XS
SM
MD
LG